• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көл облусуна кирип-чыгуу тартиби кандай болуп жатат - жооп

Аймак 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Экономиканын көпчүлүк тармактарындагы иштер жандандырылгандыгына байланыштуу облуска кирүү-чыгууда чектөөлөр менен тыюу салуулар алынып салынган. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Монолдоров брифингде билдирди.

Анын айтымында, облуска кирип жаткан эл аралык жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жана аларды коштоп жүргөн жарандар тыкыр текшерүүдөн өтүшөт.

"Болгону бир гана шарт коюлган, облустан облуска кирген учурда жарандар паспортторун, кайсыл жерге катталгандыгын көрсөтүшөт жана дене табы текшерилет. Аларды бара турган жерине чейин тиешелүү кызматкерлердин коштоосунда жеткирип, кайра облустан чыгарып коюу шарттары каралып жатат”, - дейт Монолдоров.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий