• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көл облусуна өкмөт тарабынан 30 кычкылтек концентратору берилди

Аймак 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна өкмөт тарабынан 30 кычкылтек концентратору берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ыкчам штабынан билдиришти.

"Кычкылтек концентраторлору менен бирге 80 пульсоксиметр, 200 респиратор жана 4 миң коргоочу костюм келип, алар райондор боюнча бөлүштүрүлөт",- деп айтылат маалыматта.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиевдин айтымында, учурда облуста 539 кычкылтек концентратору бар.

"Бүгүн өкмөттөн дагы 30 кычкылтек концентраторун алдык. Акыркы жума ичинде облустун медицина мекемелерине 320 кычкылтек концентратору келди. Алардын ичинен 26сын жергиликтүү бюджеттин эсебинен сатып алдык, 80и өкмөт жана 216сы ишкерлер, кайдыгер эмес жарандар тарабынан берилди", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий