• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ысык-Көл облусунда 10 кг баңги затын сатуу учурунда 31 жаштагы жаран колго түштү

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.10.17. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда 10 кг баңги затын сатуу учурунда 31 жаштагы киши кармалган. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБси билдирет.

Маалыматка ылайык, ыкчам иликтөө кызматкерлери тарабынан Ак-Суу районунун Соколов-Боз-Учук унаа жолунда ири өлчөмдөгү баңги затын сатуу учурунда 31-жашагы Соколов айылынын тургуну Ж.Улан кармалган.

Кызматкерлердин билдирүүсүнө караганда, алар сентябрь айынын ортосунда кармалган жаран менен Бишкек шаарында кардар катары жолугушкан. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап “Хонда-Цивик” унаасын ири көлөмдөгү баңги затына алмаштырууну убада кылышкан.

1-октябрда товарларды алмашуу учурунда Ж.Улан колго түшкөн. Ал ыкчам-кызматкерлери айткан жерге эки чыпта марихуана алып келген. Таразага тартуу учурунда маалым болгондой ал 10 кг 020 г түзгөн.

Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий