• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көл облусунда 140 браконьердик тор жок кылынды

Аймак 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда узундугу 14 миң метрди түзгөн 140 браконьердик тор жок кылынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, балыктын баалуу түрлөрүн көбөйтүү максатында ар жылдык божомол-тапшырмаларды аткаруу үчүн 2021-жылдын 22-ноябрында, Айыл чарба министрлигинин Балык чарба Департаментинин, Ысык-Көл облусу боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана Ысык-Көл мамлекеттик коругунун кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл көлүнүн №40 балык кармоо участогун браконьердик торлордон тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы узундугу 14 миң метрди түзгөн 140 браконьердик торлор алынып, бардыгы жок кылынды

Пикир

Оставить комментарий