• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көл облусунда 34 миң погондук метр унаа жолдор залалсыздандырылды

Аймак 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/.Ысык-Көл облусунда коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-майда ӨКМнин Ысы-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 1063 чарчы метр имараттын ичи, 12 370 чарчы метр имараттын сырты жана 34 437 погондук метр унаа жолдору дезинфекцияланып, ага жалпысынан 570 кг хлор сарпталган. Иш-чарага 2 техника жана 8 кызматкер тартылган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп топтоло турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар жана дарыканаларда жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий