• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көл облусунда 539 кычкылтек концентратору, 42 жасалма дем алдыруучу аппарат бар

Аймак 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда 539 кычкылтек концентратору, 42 жасалма дем алдыруучу аппарат бар.Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров билдирди.

Анын айтымында, учурда облустун ооруканаларына кычкылтек берүүчү системаны орнотуу иштери жүрүп жатат.

"Ошондой эле райондук стационардык ооруканаларда кычкылтек берүүчү системалар орнотулуп жатат. Мындай системалар Балыкчы шаарында, Ак-Суу районунда орнотулду. Жети-Өгүз районунда жана Ысык-Көл районунда кычкылтек берүүчү системаны орнотуу иштери башталды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий