• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көл облусунда 973 кожолук жана 440 га чарба жерлери табигый кырсыктардан корголот

Аймак 0

Бишкек, 15.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган иш-чара 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багытта: атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу.

"Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ӨКМдин негизги милдети болгон табигый кырсыктарды алдын алуу иштери солгундалбашын тиешелүү башкармалыктын жетекчилерине тапшырма берген. Мерчемделген объектилердин арасынан оорчунду жана кечиктирилгис жумуштар аткарылышы зарылчылыгы бар объектилерде жумуш жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү алкагында коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарынын 2020-жылга карата болжолдуу планына 3 объектте иш мерчемделип, 7 ай ичинде 1 объектте жумуш жүргүзүлүп, анын 1-этабы аяктаган.

Ал эми алдын алуунун экинчи багыты - “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларын 2020-жылдагы болжолдуу планына 23 обьект киргизилип, (кошумча 1 обьект) 2020-жылдын 7 ай ичинде республика боюнча 16 обьекте иш-чаралар жүргүзүлүп, 13 объектиде иш бүткөн жана 2 объектиде иштер улантылууда.

Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында: 368 кожолуктун жана 8 га чарба үлүш жерлерди, 1 мектеп, 1 ФАП, 1 көрүстөн корголду.

Пикир

Оставить комментарий