• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көл облусунда бардык күндүзгү стационарлар жабылды

Аймак 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда бардык күндүзгү стационарлар жабылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Облуста жалпы 119 күндүзгү стационар ачылып, аларда 1 миң 655 орун даярдалган.

"Облус аймагында 6 аймактык оорукана, 6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 2 жалпы дарыгерлик практика борбору, 53 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 120 фельдшердик акушердик пункт бар. Облустук медициналык мекемелерде 740 дарыгер, 2 миң 144 медайым жана облуска сырттан келген 52 дарыгер эмгектенүүдө", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Ооруканаларда кычкылтек тутумдары орнотулуп, мындан сырткары облус боюнча 1 миң 14 кычкылтек концентратору бар: алардын 593 даанасы ооруканаларда, калгандары күндүзгү стационарларда. Ошондой эле облус боюнча 15 стационардык жана 4 көчмө рентген аппараты бар.

Пикир

Оставить комментарий