• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык- Көл облусунда биринчи Улуттук музей форуму өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата Ысык-Көл облусунда «Туруктуу музей: Аймактарды өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү» аттуу биринчи Улуттук музей форуму өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Форумду Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, ЮНЕСКО иштери боюнча КР Улуттук комиссиясы, Туруктуу өнүгүү стратегия институту (ИСУР), ИКОМдун Кыргызстандагы Улуттук комитети, «Кыргыз Республикасынын Музейлер Консорциуму» Ассоциациясы, Борбордук Азия Университетинин Маданий мурастар жана гуманитардык илимдер бөлүмү жана Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизация борбору биргеликте өткөрүүдө.

Форум Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизация борборунда башталып, ачылышына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышты.

Кайрат Иманалиев форумдун ачылышында улуттук музей форумун уюштуруу аркылуу, көз карандысыз коомдук жана маданий мекемелер катары музейлердин ролун күчөтүүгө багыт алып, мындан ары музейлердин жана алардын уникалдуу коллекцияларын сактоо жана өнүктүрүү боюнча аракеттер бардык тараптарды бириктирип, масштабдуу музей форуму өз максатына жетип, мыкты аянтча катары болоруна ишеним артты.

Эске салсак, катышуучулар Кыргызстандын бардык аймактарынан келген музей адистери. Учурда өлкөдө 58 мамлекеттик музей жана ар кандай профилдеги 100 дөн кем эмес музейлер бар. Алардын арасында – мамлекеттик, ведомстволук, университет, мектеп жана жеке музейлер. Өз аймактарында музей ишин өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн ресурстук методикалык борборлорго айлануу үчүн, форумга Кыргызстандагы музейлердин алдыңкы эксперттери чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий