• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көл облусунда былтыр 306 өрт кырсыгы катталып, сегиз киши каза болгон

Аймак 0

Бишкек. 10.02.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында 2021-жылы 306 өрт кырсыгы катталып, андан сегиз киш каза болгон. Бул тууралуу КР ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Жарандык коргонуу жаатындагы 2021-жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылган учурда айтылды.

Маалыматка ылайык, бир жыл ичинде облус аймагында катталган өрт кырсыгынын кесепетинен 60 млн 867 мин 319 сом материалдык чыгым келтирилген. Тилсиз жоодон жети адам жабыр тарткан. Ал эми 5 адамдын өмүрү өрттөн сакталып калган. ​Жалпысынан 2021-жылы катталган өрт кырсыгы – 4,1% көбөйүп, материалдык чыгым 12,1 пайызга көбөйгөн.

Белгилей кетсек, жыл жыйынтыгы чыгарылган иш-чарага президенттин Ысык-көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басыры Улан Далиев жана Жарандык коргонуу кызматынын башчылары катышты.

Пикир

Оставить комментарий