• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көл облусунда үч жаш бала изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 27.08.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында үч жаш бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бидирет.

Маалыматка ылайык, "102" кызматынан Жаңы-Арык айылынын кичинекей тургундары үйдөн ойноп чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Алар 4 жаштагы А.Б., 5 жаштагы Ш.А. жана 7 жаштагы Ш.А. аттуу жаш балдар. Жаш балдарды издөө иштерине Каракол шаардык №15 өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан 4 куткаруучу тартылып, түн кирип кеткендигине байланыштуу издөө иш-чаралары убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 27-августта издөө иштерин улантуу максатында Каракол шаардык №15 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылды.

Издөө иштеринин натыйжасы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий