• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көл облусунда дезинфекциялоо иштери улантылууда

Аймак 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда дезинфекциялоо иштери улантылууда. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-июль күнү ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан Жети-Өгүз, Тоң, Түп райондорунда жана Балыкчы, Каракол шаарларынын аймагында жарандар көп чогулган аймактарда дезинфекциялоо жумуштары жүргүзүлдү.

"Облус боюнча 32 миң 500 погондук метр автоунаа жолу жана 35 100 чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланып, 4 техника жана 23 кызматкер тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу дезинфекциялоо иштери өлкө аймагында күн сайын аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий