• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ысык-Көл облусунда дезинфекциялоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында коронавирус илдетин алдын алуу максатында, КР ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын шаар, райондук бөлүмдөрү тарабынан залалсыздандыруу иш-чаралар уланууда. Бул тууралуу КР ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Замирбек Жумагазиев билдирди.

“2020-жылдын 18-мартынан​ тарта бүгүнкү күнгө чейин 658 486 м2 имараттын ичи,​ 2 882 333 м2 имараттын сырты, 2 055 534 погондук метр унаа жолдор залалсыздандырылып, иш-чарага 18 012 кг хлор, 2 640 литр суюк хлору, 2589 хлор таблеткасы сарпталган”, - деди ал.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, мисалы азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, даарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий