• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көл облусунда эпидемиологиялык абал турукташууда

Аймак 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда эпидемиологиялык абал турукташууда. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Элчибек Жантаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, акыркы бир күндө 11 адамдан коронавирус табылган. Ал эми суткада 21 жаран оорудан айыккан.

"Облус боюнча 98 адам илдеттен дарыланууда. Алардын сегизи коронавирус, 90у пневмонияга кабылган. Ысык-Көлдөгү ооруканаларда жаткан бейтаптардын саны июль айында эң жогорку көрсөткүчтү көрсөткөн. Ооруканаларда 19-июлда - 829, 31-июлда - 711 бейтап болгон. Ошондой эле 21-июлда - 18, 7-августта - 16 бейтаптын абалы оор болгон. Бүгүнкү күндө 3 адамдын абалы оор", - дейт ал.

Жантаев буга чейин үймө-үй кыдыруунун жыйынтыгында 2 миң 633 оорулуу аныкталганын айтат. "Алардын баарына тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда облус аймагындагы күндүзгү стационарлардын баары жабык", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий