• 84.92
  • 89.09
  • 1.36

Ысык-Көл облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

243 кароо Аймак 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 6-октябрда саат 15:08де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Ак-Суу районунун Каракол айылында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий