• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көл облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек 25.10.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 24-октябрда саат 21:57де Ысык-Көл облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз, Ырдык, Подгорное айылдарында 3 балл, Каракол шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий