• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көл облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды, - деп маалымдайт КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 14-ноябрда болжол менен саат 23:49да Ысык-Көл облусунун аймагында катталган.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Туура-Суу, Темир-Канат айылында 2,5 балл жана Бөкөнбаев айылында 2 баллга чейин сезилген.

Маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий