• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көл облусунда кырсыктардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.09.18. /Кабар/. Ыкык-Көл облусунда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багыты боюнча 2018-жылга 33 объектиде иш-чара аткаруу мерчемделип, 8 ай ичинде 10 объектиде иш-чара аткарылып бүткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда 2 объектиде жумуштар жүргүзүлүүдө. Мерчемге киргизилген иш-чараларды аткаруунун натыйжасында 961 турак үй, 1 мектеп, 1 административдик имарат, 1 гидропост, 1 ички чарбалык жол, 118 га айыл чарба жери, 1 мүрзө кырсыктардан корголмокчу, - деп билдирди КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Замир Джумагазиев.

Алсак, Тоң району боюнча Улахол айыл аймагынын Кара-Шаар айылындагы ачык дренаж казуу иштери, Көл-Төр а/а Көл-Төр айылындагы Конур-Өлөн суусунун, ошондой эле Кызыл-Туу айылы Ак-Терек суусунун жээгин бекемдөө иштери бүткөрүлдү. Ошондой эле, Б.Мамбетов айыл аймагынын Эшперов айылында селден коргоочу канал курулду.

Жети-Өгүз району боюнча Жети-Өгүз суусунун, Чоң-Кызыл-Суу суусунун кооптуу тилкелерин бекемдөө жана сайдын нугун мехтазалоодон өткөрүү иштери аткарылган.

Ак-Суу районунун Жыргалаң айылынын түштүк-чыгыш тарабына сел өтүүчү канал казылып 1- обектисинде иш-чара бүткөрүлүп, 2-объектиде жумуш аткарылууда.

Ошондой эле, Ысык-Көл районунун Жаркынбай айылындагы дамбаны тазалоо, арыкты кеңейтүү иштери улантылууда.

Аткарылган иштердин натыйжасында, 150 турак үй, 68 га айыл-чарба жерлери, 1 мүрзө, 1 мектеп, 1 адмнистративдик имарат, 1 ички чарбалык жол корголгон.

Пикир

Оставить комментарий