• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көл облусунда РКӨФнын регионалдык консультациялык борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) регионалдык консультациялык борбору ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, борбор өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү жана РКӨФнын жеңилдетилген каржылоосунун аймактарда жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган курсту ишке ашыруунун алкагында ачылды.

Регионалдык консультанттар фонддон каржылоону түздөн-түз жана коммерциалык банктар аркылуу алуу үчүн керек болгон маалыматты берүү менен бирге бизнес план түзүүдө жана долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууда көмөк көрсөтүшөт.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө РКӨФ тарабынан 2 миң 985 долбоор 379 млн АКШ доллары менен каржыланды. Фонд эки негизги багыт боюнча каржылайт.

Биринчиси: Ысык-Көл облусу боюнча түздөн-түз каржылоо насыянын өлчөмү 200 миң АКШ доллардан тарта. Насыянын мөөнөтү 10 жылга чейин болсо, жеңилдетилген мезгил 36 айга чейин. Ал эми, пайыздык чени доллар менен 4% баштап, сом менен 8% баштап.

Экинчиси: Өнөктөш банктар аркылуу каржылоо. Бүгүнкү күндө фонд 12 коммерциялык, 2 мамлекеттик жана 4 микрофинансылык компаниялар менен кызматташып иш алып барат. Өнөктөш банктар аркылуу каржылоодо насыянын өлчөмү 1 млн АКШ долларга чейин жана анын мөөнөтү 7 жылга чейин болсо, жеңилдетилген мезгил 36 айга чейин болмокчу. Ал эми пайыздык чени АКШ доллары менен 5% , сом менен 9% жылына. Сөзсүз түрдө долбоордун баасынан 15%дан кем эмес өздүк салым болуусу кажет.

Насыянын максаты төмөнкү багыттарга туура келүүсү шарт: Негизги фонддорду сатып алуу, жаңыртуу, кеңейтүү жана модернизациялоо.

Төмөнкү тармактарда: агроөнөр жай комплекси (айыл чарба продукцияларын өндүрүү (өсүмдүк жана мал чарбачылыгы, тоют даярдоо жана өндүрүү), айыл чарба продукциясын сатып алуу жана кайра иштетүү, ошондой эле, долбоорлор жашылча-жемиш сактоочу жайларды курууга) тигүү жана текстиль өнөр жайы, өндүрүш өнөр жайы, тоо-кен металлургия өнөр жайы, транспорт, инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде туризм, медицина жана билим берүү инфраструктурасы, ошондой эле фонддун уставында көрсөтүлгөн максаттарга жана милдеттерге жетүүгө багытталган башка узак мөөнөттүү өндүрүштүк инвестициялар.

Пикир

Оставить комментарий