• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көл облусунда өрт кырсыгы 17,1 пайызга көбөйдү

Аймак 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. 2021-жылдын январь айында Ысык-Көл облусу боюнча 41 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 17,1 пайызга көбөйдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тилсиз жоодон болгон материалдык чыгымдар 8 миллион сомду түзгөн. Өрттөн 30 миллион сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калынган.

Өрттөрдүн негизги себептери:

- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 9 өрт, 3 эсеге көбөйдү;

- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 11 өрт, 26,8 пайызга азайды;

- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 5 өрт,

- балдардын от менен ойноосунан – 5 өрт, 2,5 эсеге көбөйгөн.

Өрттүн жалпы санынан - 18,8 пайыз турак жай секторунда болуп, 4 миллион 254 миң 847 сомдук материалдык чыгымды түзгөн.

2021-жылдын январь айдында КР ӨКМнин Ысык-Көл областык башкармалыгында өрттү алдын алуу бөлүмү тарабынан өрттүн алдын алуу жана адамдардын өлүмүн болтурбоо максатында өрткө каршы бир катар үгүт иштери аткарылды: 1 540 адамды камтыган өрткө каршы нускоолор, лекциялар, сүйлөшүүлөр мамлекеттик объекттердин кызматкерлери, жеке ишкерлер жана эл көп топтолгон жайларда жана турак жайларда өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий