• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көл облусунда өрттүн саны былтыркы жылга салыштырмалуу 29,1% азайды

Аймак 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 8 ай ичинде Ысык-Көл облусу боюнча 151 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттөр 29,1 пайызга азайган. ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2019-жылы ушул мезгилде облус боюнча жалпы 213 өрт катталган.

"Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 42 миллион сомдон ашык түздү (2019-жылы 14 млн сомдон ашык), өрттөн 1 адам каза тапты", - деп айтылат маалыматта.

Тилсиз жоодон эки адамдын өмүрү жана 127 млн сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Облустагы өрттөрдүн негизги себептери:

-отко этиятсыздык менен мамиле кылуу - 25 өрт, 16,6 %,

-электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 36 өрт, 23,8 %,

-мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда - 8 өрт, 5,3 %,

-балдардын от менен ойноосунан - 9 өрт, 6 % өрт кырсыгы болду.

Өрттүн жалпы санынан - 26,5 % турак жай секторунда болгон.

Пикир

Оставить комментарий