• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көл облусунда 250 шайлоо тилкеси иштеп жатат - Сатиев

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жергиликтүү, шаардык кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү өз нугунда өтүп жатат. Бул тууралуу Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү Айбек Сатиев билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 250 шайлоо тилкеси иштеп жатат. “Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларында партиялык система менен шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо, андан тышкары, 59 айылдык кеңештерде шайлоо өнөктүгү жүрүп жатат”, - дейт ал.

Сатиев белгилегендей, 59 айылдык кеңештерге 959 мандатка 1 миң 995 талапкер катышып жатат, анын ичинен 593ү аялдар.

“Облус боюнча 304 миң 599 шайлоочу бар. Балыкчы шаарында 13 партия, Чолпон-Ата шаарында 21 партия, Каракол шаарында 17 партия ат салышууда”, - деди ал.

Айбек Сатиев облус аймагында шайлоо мыйзамдарын бузуу, көчмө урна менен добуш берүү учурунда мыйзам бузуу фактылары катталбаганын белгиледи.

“Азыркы учурда шайлоо комиссиясынын алдындагы ыкчам топ иштеп жатат, анын ичинде ИИМ, УКМК, прокуратура кызматкерлери шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөп, алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө”, - деп кошумчалады Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий