• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көл облусунда ыкчам штабдын отуруму өттү

Аймак 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда ыкчам штабдын отуруму өттү, - деп билдирет өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, отурумга тиешелүү тармактардын облус боюнча жетекчилери катышты. Анда COVID-19 илдетинин бүгүнкү күнгө карата облус боюнча абалы жана анын жаңы түрлөрүнүн жайылышын чектөө боюнча даярдык иштер, облустагы медициналык мекемелердеги (ҮДТ, ФАП, дарыканалар) кырдаал талкууланды.

Ошондой эле мектеп жана бала бакчалардагы окуу процесстеринин жүрүшү жана көрүлүп жаткан чаралар, "Нооруз" майрамын облустагы эпидемиологиялык кырдаалга карата өткөрүү боюнча көрүлүүчү чаралар каралды.

Пикир

Оставить комментарий