• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көл облусунда зөөкүрдүккө шектелип УКТнын 2 мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20-февраль /Кабар/. Ысык-Көл облусунда аялынын жана 6 жаштагы кызынын көзүнчө токмоктолгон жарандын арызына байланыштуу уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү катары КР ИИМде көзөмөлдө турган 2 жергиликтүү тургун кармалды деп билдирди Ысык-Көл облусунун ИИБсынын басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, 8-февралда Ысык-Көл облусунун ИИБсына 44 жаштагы Нарындын тургуну Чолпон-Ата шаарынан белгисиз 2 адам денесине жаракат келтиргендигине байланыштуу кайрылган.

Анын айтымында, 8-февралда аялын жана 6 жаштагы кызын салып “Мазда” машинасы менен Нарындан Чолпон-Атага алма сатып алууга бараткан. Болжол менен саат 19.00дө Совет көчөсүнөн кара түстөгү «Мерседес-Бенц» машинасы ашып өтүп тороп токтоткон. Машинадан эки жаш жигит чыгып, себепсиз эле токмоктоп кетишкен.

Бул факт боюнча уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү катары КР ИИМде көзөмөлдө турган чолпон-аталык 28 жаштагы К.Нурдан менен 27 жаштагы Ж. уулу Бактыбек кармалышты.

Учурда тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий