• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көл облусунда жааган кардын кесепетинен 1,3 миң баш мал кырылды

Аймак 0

Бишкек, 25.05.18. /Кабар/. Ысык-көл облусунда жааган кардын кесепетинен 1 миң 300дөй баш мал кырылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл районунда малдын башы эң көп кырылган.

“Кечээ кечинде белгилүү болгондой, Ысык-Көл районунда 1 миң 17 баш кой, 43 уй жана 19 жылкы өлгөн. Түп районунда 50 баш мал, Ак-Суу районунда 100 баш мал өлгөн. Учурда биз тургундарга биринчи жардамды көрсөтүп жатабыз, малга тоют жана 1 тоннадан күйүүчү май жеткирип бердик”, - деди ал.

Учурда өлгөн малдардын санын эсептөө уланып, алардын саны мындай да көп болушу мүмкүн экендигин кошумчалады.

Мындан тышкары Жылкыбаев билдиргендей, Тамчы айылынын жогору жагындагы жайлоого кеткен жолду кар басып, учурда тазалоо иштери жүрүүдө.

Өкүл билдиргендей, келтирилген чыгым тактала элек, тийиштүү ишти Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жүргүзүп жатат.

Келтирилген чыгымдын ордун толтуруу маселеси азырынча карала элек.

Эскерте кетсек, 23-майда Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында калың кар түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий