• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көл облусунда жээк бекемдөө иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жээк бекемдөө иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кызыл-Суу айыл аймагына караштуу Кызыл-Суу айылындагы “Чоң-Кызыл-Суу” суусунун кооптуу деп эсептелинген тилкелеринде суу ташкындарын алдын алуу боюнча коргоо иштери жүргүзүлүп жатат.

КР ӨКМнин ӨК чара көрүү түндүк борборунун техникасы менен иш алып барылып, бүгүнкү күндө 350 чарчы метр тазаланып бүттү.

"Жумуш улантылууда. Аткарылган иштердин натыйжасында 11 турак жай, чарбалык курулуштары менен корголот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий