• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жер титиреди, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө, бүгүн, 2-ноябрь күнү саат 00:05те Ысык-Көл облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Саруу, Кызыл-Суу, Жалгыз-Өрүк, Дархан айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий