• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жер титиреди, - деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 17-декабрда саат 21:02де Ысык-Көл облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна, Подгорное, Чоң-Кызыл-Суу айылдарында 3 балл, Жети-Өгүз, Тилекмат, Ак-Дөбө, Мундуз, Жалгыз-Өрүк, Кызыл-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка караганда, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий