• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 11.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 11-августта саат 03:33тө Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Жети-Өгүз районунун Тамга, Тосор айылдарында жана Тоң районунун Кажы-Сай айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий