• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 13-июнда болжол менен саат 00:09да катталып, очогунда күчү 2,5 баллга жеткен.

Билдирүүгө ылайык, жер титирөө Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий