• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көл облусундагы А. Карымшаков атындагы мектептин курулушу кызуу жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Түп айылындагы Абдыкасым Карымшаков атындагы мектептин курулушу кызуу жүрүп жатат.

Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен 2016-жылы башталган.

Курулуп жаткан мектеп үч кабаттуу жана эки кабаттуу эки окуу корпустан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 2439 чарчы метрди түзгөн билим берүү объектинин долбоордук кубаттуулугу 450 окуучу орунга эсептелген.

Долбоорго ылайык, жаңы мектепте окуучулар үчүн бардык керектүү шарттар түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө объектинин курулуш даярдыгы 49 пайызды түзөт. Курулуш башталгандан бери объектиге 48 млн 138 миң 525 сом каржыланды.

Белгилей кетсек, аталган объекттин баасы 83 млн 701 миң 585 сомду түзөт. Курулушту улантуу үчүн үстүбүздөгү жылы 15 млн сом бөлүнгөн. Объектти 2022-жылы бүтүрүп пайдаланууга тапшыруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий