• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көл облусундагы ардагерлерге Жеңиштин 75 жылдыгына арналган мааракелик медалдар тапшырылды

Жеңишке 75 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-майда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев Түп жана Жети-Өгүз райондорунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды.

Осмоналиев ардагерлер менен жолугууда өлкө башчынын куттуктоо сөзүн жеткирип, президенттин "1941-1945 – жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл" мааракелик медалдарын тапшырды. Ошондой эле өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн атынан 10 миң сом ыйгарды.

Облуста Улуу Ата Мекендик согуштун 16 ардагери жана тылда эмгектенген 176 жаран бар.

"Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун 16 ардагерине 10 миң сомдон каражат, тылда эмгектенген 176 жаранга 2 миң сом каралган. Мындан сырткары, президенттин Жарлыгына ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 75 миң сом, тылда эмгектенгендерге 15 миң сом каралган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий