• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көл облусундагы медициналык мекемелерге 9 тез жардам унаасы тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы медициналык мекемелерге КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 9 тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тез жардм унаалары төмөнкү ооруканаларга берилди:

- Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасына 1 даана;

- облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна 2 даана;

- Түп райондук ооруканасына 2 даана;

-Тоң райондук ооруканасына 1 даана;

- Балыкчы шаардык ооруканасына 1 даана;

- Ананьево айылдык жалпы дарыгерлик практика борбору 1 даана;

- Чолпон-Ата шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборуна 1 даана.

Пикир

Оставить комментарий