• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көл облусунун аймагына киргендер 14 күндүк үй карантинине алынат

Аймак 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагына кирген жарандар 14 күндүк үй карантинине алынат. Бул тууралуу облустук ыкчам штабдын отурумунда маалым болду.

Облустук штабдан кабарлашкандай, жарандардын аймакка кирип-чыгуусуна тыюу салуу боюнча 3-майдагы чечим күчүндө калтырылды, ал эми Ысык-Көл облусуна кирүү шартына өзгөртүү киргизилген.

Эми облус аймагына кирип келе жаткан жарандардан COVID-19 инфекциясынын жоктугу тууралуу маалымкат талап кылынбайт, бирок алар 14 күндүк үй карантинине алынат.

Пикир

Оставить комментарий