• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көл облусунун аймагында акыркы төрт айда өрттөн эки адам каза болгон

Аймак 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында акыркы төрт айда өрттөн эки адам каза болгон. Бул тууралуу КР ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Өрткө каршы күрөшүү, өрттүн алдын алуу жана авариялык-куткаруу иштери бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ринат Абдульманов билдиргендигин ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анын айтуусуна ылайык, 2021-жылдын 4 айында Ысык-Көл облусунун аймагында 115 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 12 миллион 59 миң 93 сомду түздү. Өрттүн кесепетинен эки адам каза болуп, 6 киши жаракат алган. Эң көп өрт турак жай секторунда катталган – өрттүн жалпы санынан 54 өрт чыккан.

“Өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын күчү менен өрттү өчүрүүдө 92 миллион сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталган. Өрттүн негизги себептери - электр жабдууларын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу, отко этият мамиле кылбоо, тамеки чегүүдө этиятсыздык жана башкалар болуп саналат”, - деди Абдульманов.

Облустагы өрттүн жайылышы:

- Каракол шаары - 26 өрт кырсыгы катталып, 1 адам каза болуп, 6 киши жаракат алды;

- Балыкчы - 15;

- Ак-Суу району - 14;

- Жети-Өгүз району - 13;

- Ысык-Көл району- 18;

- Тоң району - 17;

- Түп району - 12.

Эскертүү: Жазгы өрттүн кооптуу мезгили келди: кургак чөп, былтыркы түшкөн жалбырактар ​​кичине учкундан дароо күйүп, өрттүн чыгышына алып келиши мүмкүн. Катуу шамал, жаан-чачындын жетишсиздиги жана абанын жогорку температурасы дагы өрттүн жайылышына себеп болушу мүмкүн. Өрттүн чыгышына жол бербөө үчүн объектилердин, бакчалардын, короолордун аймактарын тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө төмөнкү чараларды колдонуу керек: үйүлгөн таштандыларды аймактардан чыгаруу, суу куюлган идиш орнотуу, таштандыларды өрттөөнү сөзсүз көзөмөлдөңүз.

Ал эми токойдо же тоодо жүргөндө күйүп жаткан ширеңкени, тамекинин калдыктарын, айнек идиштерди жана айнектин сыныктарын, майланган жана бензинге малынган тазалоочу материалдарды ыргытпоо зарыл. Эс алуучу жайдан чыкканда, очоктогу күйүү жана түтүн толугу менен токтоп калганга чейин өрттү суу же топурак менен өчүрүңүз.

Пикир

Оставить комментарий