• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көл облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-июлда Тоң айыл аймагында административдик имараттарда жана соода түйүндөрдө дезинфекция иштери жүргүзүлүп 1 техника 4 кызматкер тартылган. Ушундай эле залалсыздандыруу иш-чаралары Каракол шаарында да өткөрүлүп, 27000 чарчы метр аймак залалсыздандырылган. Иш-чарага 1 техника 4 кызматер тартылган. Ал эми Балыкчы шаарында жалпы 200 чарчы метр аймакта дезинфекция иштери жүргүзүлдү. Чолпон-Ата шаарында 36 миң чарчы метр ички имараттар залалсыздандырылып, 1 автоунаа тартылган. Түп районунда 1600 чарчы метр аймак дезинфекцияланган.

Бул иш-аракеттер өлкөбүздүн бардык аймактарында аткарылып, министрликтин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий