• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди

Коом 0

Бишкек, 15.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 15-февраль күнү саат 09:31де Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын түштүк-чыгыш тарабында 90 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жер титирөө Кургак, Таш-Короо, Эңилчек айылдарында болжол менен 4,5 балл, Койлуу, Май-Сазда 3,5 балл, Каракол шаарында 2,5 балл болуп сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий