• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көл облусунун айыл өкмөттөрүнө чакан гранттар берилди

Аймак 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун айыл өкмөттөрүнө чакан гранттар берилди, - деп кабарлайт Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) союзунун маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, ЖӨБ союзу “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу” долбоорунун алкагында 2022-жылга Ысык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арасында чакан гранттарды алууга конкурс жарыяланган.

Конкурска айыл өкмөттөрдө жергиликтүү кызматтарды жакшыртуу боюнча долбоорлор жазылган. Гранттык комиссиянын жыйынтыгы чыгарылып, 15 айыл өкмөт жеңүүчү болуп табылды. Жалпы 4 миллион 730 миң сомдук чакан гранттардын сертификаттары тапшырылды.

Жеңүүчүлөр айыл өкмөттөрдө “Бирдиктүү терезе” кызматын уюштуруу үчүн оргтехникаларды алууга, көчөлөрдү жарыктандырууга, бала-бакчаларды, мектептерди оңдоого жана кызматын жакшыртууга, электрондук китепкана ачууга, айыл тургундары спорт менен машыгуулары үчүн спорт залдарга инвентарларды сатып алуу сыяктуу долбоорлор каржыланды.

Долбоордун негизги максаты жергиликтүү деңгээлде кызматтарды жакшыртуу болуп саналат. Ошондой эле жергиликтүү кызматтарды жакшыртууга методикалык жардам катары “Кызматтарды жакшыртуу аракеттер планын” даярдоону, аны ишке ашырууну, жакшыртылган кызматтардын туруктуулугун камсыздоону жана финансылык отчетторду даярдоонун тартиптерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынына жайылтуу камтылган.

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу” долбоору Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, Хельветас жана Өнүктүрүү саясаты институту уюмдарынын консорциумунда, КР ЖӨБ союзу тарабынан ишке ашырылып келет.

Пикир

Оставить комментарий