• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көл облусунун башчысы Ак-Суу районунда болду

Аймак 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев Ак-Суу районунун Тепке айыл аймагынын эли менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга район акими, райондук мекеме жетекчилери да катышты.

Облус жетекчиси менен жолуккан айыл аймактын тургундары ирригация, дан эгиндеринин үрөнү сатып алуу, жайыт, Жылдыз айылына барчу автожолунун абалы, ошол эле айылда бала бакча куруп берүү сыяктуу маселелерди көтөрүштү.

Ыйгарым укуктуу өкүл Мирбек Кожоев айтылган маселелерди район акимине жана райондук жетекчилерге тиешелүүлүгүнө жараша карап, болушунча тез арада чечип берүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий