• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көл облусунун башчысы Алтынбек Сулайманов Жети-Өгүз районунун тургундарын кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-мартта президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Жети-Өгүз районунун тургундарын кабыл алды.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда жергиликтүү тургундар жана “Дестинация Көк-Жайык” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү Көк-Жайык жайлоосуна бара жаткан капчыгайда 5 көпүрө жараксыз экенин билдирип, көпүрө куруп берүүнү суранышты.

Белгиленгендей, туристтер да дал ушул көпүрөлөр аркылуу жайлоого чыгышат. Андан сырткары, Жети-Өгүз, Оргочор, Липенка, Тилекмат, Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн малчылары малын жайлоого айдап өтүшөт.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүп, ишти алып баруу тиешелүү бөлүмдөргө тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий