• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көл облусунун башчысы ардагерлерден кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов ардагерлерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады.

Облус жетекчиси Каракол шаарындагы 99 жаштагы ардагер Кенжебай Жакшылыковдун жана Ак-Суу районундагы 97 жаштагы ардагер Кожогул Сатыбалдиевдин үйүнө барып, акчалай жардам жана белек тапшырды.

Сулайманов Ата Мекен үчүн өлүмдөн да кайра тартпаган аталарыбыз келечек муундун бакубат жана бейпил турмушта жашоосуна кам көрүү максатында ажалга тике карап, душмандар менен айыгышкан салгылашууда эрдигин көрсөтүшкөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий