• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көл облусунун башчысы балдар лагерлери качан иштей баштарын айтты

Аймак 0

Бишкек, 05.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ысык-Көл облусунда балдар лагерлери 25-июндан кийин ачылары пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, жылына 15-июндан тарта лагерлерге балдарды кабыл алуу иштери жүргүзүлчү.

“Быйыл биз балдарды 25-июндан кийин кабыл алсак деп ойлоп жатабыз. Анткени туристтик тармакка уруксат берилгени менен оюн-зоок, майрамдык иш-чараларды өткөрбөө маселеси боюнча сунуштар берилген. Райондук, шаардык штабдарга укук берилди. Алар карап туруп, балдар лагерлери качан ачыларын айтат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий