• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мирбек Кожоев Ысык-Көлдө эс алып жаткан баткендик балдардан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Кечээ, 3-июнда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан "Аврора плюс" эс алуу жайында Баткен облусунда чек арада болгон окуядан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн Ысык-Көлгө эс алууга жиберилген балдары менен жолугуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага облус башчысы Мирбек Кожоев жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Калыбек Жумадылов катышып, өз сөздөрүндө балдарга ден соолук каалап, мындан ары мындай жаман окуяга кабылбай, келечектери кең болуусун каалап өтүштү.

Ошону бирге балдардын көңүлүн көтөрүп, ар кандай концерттик программа уюштурулуп, облус жана район жетекчилери тарабынан ар кандай белектер тапшырылды.

Эскерте кетсек, 27-майда Баткен облусунан Ысык-Көл эс алууга 7 жаштан 15 жашка чейинки 160 бала келген.

Пикир

Оставить комментарий