• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көл облусунун башчысы коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 25-мартта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев Каракол шаарындагы коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

"Жолугушууда облус башчысы учурда дүйнөдө болуп жаткан Сovid-19 пандемиясын алдын алуу иш-чарасынын алкагында шаар ичинде адамдардын кыймылын чектөөдө банктарга сунуштама берди. Себеби учурда көпчүлүк адамдар банктарда ишим бар деген негизде өзгөчө кырдаалдын шарттарына көнбөй жатат. Ошондуктан облус жетекчиси банктарга өздөрүнун ичиндеги кызматкерлердин санын алыстан иштөөгө шарт түзүү менен кыскартып, кардарларга жеңилдиктерди көрсөтүүнү жана банктарга жарандардын келишин азайтуу ишин карап чыгууну сунуштады", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Учурда Каракол шаарында бюджеттик мекемелердеги 2 миң 400 кызматкердин 815и алыстан иштөөдө.

Пикир

Оставить комментарий