• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Кѳл облусунун башчысы Осмоналиев санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерди

Аймак 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Ысык-Кѳл облусунун ыйгарым укуктуу ѳкүлү Акылбек Осмоналиев санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерди.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өлкѳдѳ ѳзгѳчѳ кырдаал жарыялагандан баштап, Ысык-Кѳл облусунун аймагына кире беришинде эки карантиндик санитардык посттор орнотулуп, анда саламаттыкты сактоонун, ички иштер органынын, ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын, мамлекеттик мекемелердин жана муниципалдык кызматтарынын кызматкерлери күнү-түнү иш алып барышууда.

Аталган посттордо регионго кирип жаткан жарандардын дене табы, ѳздүгүн тастыктаган күбѳлүктѳрүн жана келе жаткан максаттарын текшерүүдѳн тышкары, ѳзгѳчѳ кырдаал учурунда автокаттамдардын кыскартуу боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүүдѳ.

"Күн мурун, 23-март күнү өкмөттүн Ысык-Кѳл облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Акылбек Осмоналиев Балыкчы шаарында болуп, аталган посттордун ишин текшерди. Посттордун ишмердүүлүгүнѳ жоопту болгон кызматкерлеринин берген отчетуна караганда, учурда посттордун аймагында абал туруктуу, автоунаалардын каттамынын азайышы байкалууда. Инфекциялык оорунун жугушуна жана жайылышына бѳгѳт коюу максатында Ысык-Кѳл облусуна киришине жана чыгышына убактылуу чектѳѳлѳр киргизилгенин жергиликтүү жана башка облустардан келген жарандар туура түшүнү менен кабыл алышты", - деп айтылат маалыматта.

Өкүл Осмоналиев аталган посттордо кезмет ѳтѳп жаткан кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, карантиндик-санитардык посттордон облуска ѳтүүдѳ, ѳзгѳчѳ кѳңүлдү азык-түлүк жана эл керектѳѳчү товарларды ташыган оор жүк ташуучу автоунааларга буруп, алардын тоскоолдуксуз ѳтүүгѳ бардык карантиндик эрежелерди жана коопсуздугун сактоо менен шарттарды түзүп берүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий