• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көл облусунун башчысы туристтик сезонго болгон даярдыктар туурасында айтып берди

Аймак 0

Бишкек, 19.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан туристтик сезонго даярдык көрүүдө 12 талап коюлган. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо жана Маданият, маалымат жана туризм министрликтери тарабынан талаптар коюлган.

"Талаптар боюнча жергиликтүү бийлик органдары тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Биз бүгүнкү күндө ар бир пансионаттын жетекчилигин чакырып, район, шаарларда окууларды өткөрдүк. Окууга келбеген бир дагы санаторий же пансионаттын жетекчилиги калган жок. Аларга Саламаттык сактоо министрлиги койгон 12 талаптын ар бири кандай аркарылышы керектиги айтылды", - дейт ал.

Осмоналиев учурда кемчиликтер жоюлуп, туристтик сезонго даярдык иштер жүрүп жатканын айтат.

Пикир

Оставить комментарий