• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көл облусунун башчысынын унаасы жол кырсыгына учурап, ал ооруканага жаткырылды

Аймак 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаевдин унаасы жол кырсыгына учурап, ал ооруканага жаткырылды.

“Кабар” агенттигине облустук милициядан билдиришкендей, бүгүн, 23-ноябрь күнү болжол менен саат 08:50дө Балыкчы шаардык милициясына аймактык ооруканага жол кырсыгынан жаракат алган облус башчысы Элчибек Жантаев алынып келгендиги тууралуу маалымат түшкөн.

“Милиция кызматкерлери аныктагандай, “Toyota Lеnd-Cruzer Prado” кызматтык унаасынын 24 жаштагы К.Б. аттуу айдоочусу “Бишкек-Торугарт” жолунун 156-чакырымында унааны башкара албай, унаа ала салып кеткен. Жыйынтыгында жол кырсыгынан жаракат алган өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген”, - деп билдирет облустук милиция.

Бул окуя боюнча соттук-техникалык экспертиза дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий