• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көл облусунун башчысынын унаасында жасалма номерлер турган. Текшерүү жүргүзүлүүдө - облустук милиция

Коом 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматтык унаасында жасалма мамлекеттик номер тагылган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-июль күнү бир катар массалык маалымат каражаттарында Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматтык унаасында жасалма мамлекеттик номер тагылганы тууралу маалымат чыккан.

"Бул факт Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, Жоруктар тууралуу кодекстин 173-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык сотко чейин өндүрүш башталды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий