• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ысык-Көл облусунун Дархан айылындагы мектептин курулушу 74%га даяр

Аймак 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы Сатылганов атындагы мектептин курулушу план боюнча жүргүзүлүп, 74%га даяр. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда подряддык уюм тарабынан имараттын чатырын, терезе блокторун орнотуу жана имараттын электр куроо иштери аякталды. Ички жасалгалоо иштери, ошондой эле жылытуу, суу, канализация жана сырткы тармактарды орнотуу иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, сырткы жасалгоо иштери жана аймактын металл тосмолору да башталды.

Белгилей кетсек, 275 окуучулук орунга эсептелген билим берүү обьектисинин курулушу 2020-жылдын январында башталган. Объекттин сметалык наркысы 850 миң 571 АКШ долларын түзүп, анын ичинен 323 миң 216 АКШ доллары каржыланды.

Мектептин курулуш иштерин жаңы окуу жылына бүтүрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий