• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ысык-Көл облусунун Кара-Тал айылындагы көлдүн жээги таштанды таштоочу жайга айланып кеткен

Аймак 0

Бишкек, 02.03.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районунуна караштуу Кара-Тал айылындагы көлдүн жээги таштанды таштоочу жайга айланып кеткен. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган аймактын жергиликтүү бийлиги көл жээгине жакын жайгашкан жерди таштанды таштоочу жайга берген. Бирок, тилекке каршы аны ирээтке келтирип, акыр-чикир полигонун курган эмес. Анын кесепетинен көлдүн жээги булганып, таштандылар шамалга учуп, экологияга чон маселе жаратууда. Тон районундагы Мамэкотехинспекциянын инспекторлору Улахол айыл өкмөтүнүн башчысына бир нече ирээт эскертүү бергени менен таштанды жайы ирээтке келген эмес. Талап боюнча акыр-чикир төгүүчү жайда таштандылар ирээти менен төгүлүш керек. Мисалы мал-жандыктын тарпы атайын Беккер чункуруна төгүлүп, ал санэпидтик көзөмөлгө алынып, химиялык тазалоолор жүргүзүлүп турушу керек. Бирок, инспекторлордун коюлган талаптары аткарылбай келүүдө. Анын кесепетинен булл чөлкөмдө жугуштуу оорулар чыгып кетүү коркунучун да турат. Мамэкотехинспекциянын инспекторлору койгон талаптар тез арада аткарылбаса, жергиликтүү бийлике административдик жазадан сырткары, катал чаралар көрүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий